Бүгүн, 22-июнда парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева курулуп жаткан мектептердин сапатына көңүл буруу керектигин айтты.
Жыйында Кыргыз өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишим боюнча мыйзам долбоору каралды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, инвестициялык каражаттын жалпы көлөмү 2 миллиард 10 миллион сом. Төлөө мөөнөтү 25 жылга 1 пайыз үстөк менен берилет. Бул каражатка авариялык абалдагы мектептердин ордуна 16 мектеп курулат. Бөрүбаев билдиргендей, аталган агенттик менен Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин тизмесин биргеликте бекитет.