Жанар Акаев: “Жол, мектеп курууга карыз алып жатабыз, кийин кантип төлөйбүз, өкмөт ойлондубу”

“Жол, мектеп курууга карыз алып жатабыз, кийин кантип төлөйбүз, өкмөт ойлондубу”, - деп бүгүн, 22-июнда парламенттин жыйынында эркин депутат Жанар Акаев сурады.

Ал билдиргендей, "Жогорку Кеңеш гранттарды, насыяларды шатыратып ратификациялап жатат". Депутат мындай каражаттарды өкмөт максаттуу пайдаланышы керек экенин айтты. Мындан тышкары эл өкүлү Бишкек шаарындагы мектептерге көңүл буруу зарыл деген оюн билдирди. Анын айтымында, борбор шаардагы айрым мектептерде ар бир класста 40 баладан окуп жатат. Аймактардагы мектептерге көңүл буруп, Бишкектеги унутта калып жатканын айтты депутат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев 16 мектеп республиканын бардык аймактарында, ошондой эле Бишкекте курула турганын айтты. Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин тизмесин биргеликте бекитерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Mumu1986
2017-06-22 13:37:45
Окмот алмашаарда баары пайдаланып, кредит , карыз, грант деген нерселерди алышатда , жок болуп кетишет. Жаны окмот эскисине шылтайт, эскиси тиги жооп бериш керек эле , ал иштен кеттида дейт. Иши кылып аман эле болгулада. Атамбаэв деле Ельциндин Маданият онуктурууго деп берген миллиондогон акчасын Акаев маалында алып, азыр Кыргызстандагы эн бай адамдардын 3- орунунда туратго.
+9
sirgak_92
2017-06-22 13:38:27
Бул акчаны алып жарымы жолго жарымы чонтоко кетип атпайбы.Ошончо акча чын эле алса анда биз каткырып эле жашабайбызбы
+9
aravan.kg
2017-06-22 14:03:03
Булардын баары эле шайлоого жакын озун корсотуп калды,ушунча карыз алгы чейин кайда элен Акаев
-4
Jarookerjan
2017-06-22 15:26:16
aravan.kg,Акаев шайлоого жакын озун корсоткудой президенттикке талапкерлигин койду беле? Туура соз тууганына жакпайт деген ушул да.Шайлоого жакын озун корсоткондор жогорудагы карыз алгандар болуп жатат.Элге жагынып мынанча курулуш курдук деп мамлекетти карызга батырып,оздоруно чет мамлекеттен хан сарай салышат.Карызды алып жарымынан кобун сол чонтойлоруно салышып,калганына уч жылга жетпеген сапатсыз курулуш курушат.Анан ошол карыз учун Кыргызстандын гектарлаган кооз жерлеринен, айрылууга туура к
+3
Makain
2017-06-22 14:15:20
Жанар укам мектеп салбаса окуубай эле олтура берели
-1
Ibragim.osh2016
2017-06-22 14:40:03
Жанар кече казакстан салган мектеп жаман чыкты озбекстан салып берет эми деген жери жакпады.эми чындыкты ойлоп калыптыр жарымы чонтоко жарымы мектеп курулат эптемей
+3
Mers124
2017-06-22 14:47:58
Келген акчаларга банктарды ачыш керек. Азыр ФИНКА мол булак дегендер элден акчаны сыгып алып чет олкого кетирип атат. Ошондон Кыргызстан онукпой атат. Азыр банктардын кирешеси Кыргызстандын бюджетинен коп.
+1
Kumarchik
2017-06-22 17:47:44
ооа проценти аябай коп банктан кредит алсан айыл банк эн аз прцент
+1
jonne
2017-06-22 20:23:27
Жанар красавчик жакшы адамсын сендей дагы 5 депутат болгондо жетет эле 110 депутат бизге коптук кылып атат ишке келбей
0
meni_kut
2017-06-22 20:54:06
jonne,Жанар деле убагында ошолордон айырмасы жок эле жургон.Жердештери нараазы болгон шайлашканына.Аташка-Балашка окуядан кийин жакшы иштей баштады,бирок соз жузундо гана...
0
jonne
2017-06-22 20:24:10
120 депутат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан