Гемодиализге муктаждардын 80 пайызы кант диабети менен ооругандар. Мындай пикир кант диабетинин алдын алуу боюнча өткөн тегерек столдо айтылды. Иш-чарага катышкан адистер кант оорусу көздүн көрбөй калуусуна да алып келерин белгилешти.
"Бул оору менен ооругандардын саны өтө тездик менен өсүп жатат. Муну менен күрөшүү үчүн атайын программа кабыл алынуусу керек. Саламаттыкты сактоо министрлигине программа иштеп чыгуу сунушу берилип, бирок каражаттын тартыштыгынан ал аткарылбай турат. Жергиликтүү дарыгерлер алдын алуу аракетин көргөнү менен жыйынтык төмөн. Акча каражат болсо адистердин ар бири айылга, мектепке барып лекцияларды өтүп туруусу керек. Алдын алуу менен ооругандардын санын кыскартууга болот. Бул оору 2 топко бөлүнүп, биринчи тобуна жаш балдар кирет. Азыр ымыркайлардын, жаш балдардын да ушул ооруга чалдыккан учурлары көп кездешет. Себеби балдарды туура тамактандырбай, кантты пайда кылуучу суусундуктарды берип жатабыз. Буга улуттук деңгээлдеги программанын жоктугу себеп", - дешти адистер.