Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычынан 60 даана балык кармоочу тор табылып жок кылынды

Кочкор районунун Орто-Токой суу сактагычынан балык кармоочу торлор табылып жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6 миң метрди түзгөн 60 даана тор табылган.

"Суу сактагычты торлордон тазалоо иштеринин жүрүшүндө балыкчылардын мыйзамсыз аракеттери белгилүү болду. Табылган торлор инспекторлор тарабынан өрттөлүп жок кылынды. Ал эми жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, айыл тургундарына браконьерлердин аракетинин алдын алуу, мыйзамсыз балык кармоо жана ташууга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Буга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында соңку айда 200дөн ашуун торлор жок кылынып, бир нече моторлуу кайыктар кармалган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан