Токтогул районунун Токтогул шаарында адам өлтүрүүгө шектелген тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-июнунда Токтогул шаарындагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон адамдын жансыз денеси табылган.
"Адам өлтүрүү окуясы катталган жерде ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада кылмышка шектүү делип каза болгон адамдын кайниси кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, жездеси экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам кылмыш ишине баргандыгын айтып берген. Учурда аталган факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.