Депутат Жамалдинов: “Сугат жерлерди мыйзамдаштырып берсек, кийин жерлерди басып алуу адатка айланып кетиши мүмкүн”

“Сугат жерлерди трансформациялоо мыйзам долбоорун кабыл алып берсек, кийин жерлерди басып алуу адатка айланып кетпейби?” - деди бүгүн, 22-июнда парламенттин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов.

Ал бирөөлөргө пайда алып келип, кийин зыяны тийип калышы мүмкүн экенин айтты. Жыйында сугат жерлерди трансформациялоо мыйзам долбоору каралды. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 19-июнда трансформациялоого сунушталган жерлердин санын өкмөт аныктасын деген чечим кабыл алышкан. Мыйзам долбоор экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүлдү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2017-06-22 15:16:25
Айылда бир уйдо канча Адам жашайт эсепке алгылада болбосо дом салгыла
0
Rustam25
2017-06-22 15:29:36
Туппа туура суйлогон менин акем, чынле адатка айланат, элестеткиле 10 жылдан кийин, эгин эккенге жер таппай калсак, андан коро домдорду куруп шаар жерине тартып, завод фабрикаларды куруш керек. суулуу жерлерди асырашыбыз керек буудай деген нерсени ото аз эгип жатабыз, бутун оруся казакстандан кирет, Азыр Аллахым сактасын Бир нерсе болуп границалар жабылса бизге каяктан ун кирет, аны биздин чондор вообще ойлонбойт, акыры мамлекетте 2-3 жылдык запас болуш керек бизде только бизнесмендердин кампасы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан