Кыргыз телерадиосунун жогорку категориядагы диктору, белгилүү журналист Азиз Исмаилов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 1937-жылы 22-июнда туулган. 1956-жылы Ош облусунун Куршабдагы техникалык кесиптик окуу жайын аяктап, туулган айылында эмгектене баштаган.
1969-жылдардын аягында Ош облусунун телерадио тармагында дикторлук жолун баштаган. 1973-жылы Мамлекеттик телерадио комитетине атайын чакыруу менен которулуп келип, эмгек жолун уланткан. 1986-жылдан баштап "Кыргызфильм" киностудиясын да жетектеген. Кийинчерээк маалымат башкы редакциясынын редактору, илимий-популярдуу окуу программасынын башкы комментатору, социалдык-экономикалык редакциясынын баяндамачысы болуп эмгектенген. Ал өмүрүнүн көп жылдарын телерадиого арнап, Кыргыздын жогорку категориядагы диктору катары коомдук-саясий, көркөм адабий уктурууларды ийине жеткире алып барган.
22-июндун жылнаамасы.