ЖЫЛНААМА, 22-ИЮНЬ: Акын Турар Кожомбердиев көзү тирүү болгондо 76 жашка толмок

Акын Турар Кожомбердиев 1941-жылы 22-июнда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун, Сары-Булак айылында туулган. Ал 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуу менен баштаган. Кийин "Кыргызстан" басмасында, Кыргыз ССР маданият министрлигинин аппаратында иштеген. 1959-жылдан баштап ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине басыла баштаган.

Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен басмадан чыккан. Кыргыз тилинде 20га жакын, орус жана башка тилдерде 5 жыйнагы жарык көргөн. Грузин акыны Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" деген повестин жана чех акыны Витезслав Незвалдын ырларын кыргыз тилине которгон. Өзгөчө балдар адабиятына зор салым кошкон акындын "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" ырлар жыйнактары үчүн республиканын "Ленин комсомол" сыйлыгын алган. Көптөгөн ырларына обондор чыгарылган.

Акын 1989-жылы дүйнөдөн кайткан. 1990-жылы 25-июлдагы Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен анын туулуп өскөн жериндеги Сары-Булак орто мектебине ысымы берилген.

22-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан