Башкы прокуратуранын кошумча имаратын курууда 93 миллион сомдон ашык акча ысырап болгону үчүн Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан 2011-жылы 6-июлда кошумча имарат куруу боюнча ОсОО "Гарант Проект" фирмасы менен долбоорлоо-сметалык келишими түзүлүп, ага ылайык, имараттын курулушуна 236 миллион сомдон ашык каражат коротулган. Бирок Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин негизинде имаратты курууда мамлекеттик бюджеттен 93 миллион 625 миң 300 сом ашыкча коротулганы белгилүү болгон. Мындан сырткары мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 9 миллион сомдун ар кандай курулуш иштерине мыйзамсыз иштетилгени аныкталган. Буга байланыштуу 15-июнда Башкы прокуратура тарабынан 221-берене, (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 308-берене (мамлекеттик акчаны мыйзамсыз иштетүү) менен кылмыш иши козголгон. 20-июнда аталган ишти иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле учурда мыйзамсыз коротулган акчанын так санын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат аталган маалыматта.
Маалымат үчүн: Аталган кошумча имаратты куруу иштерин долбоорлоо 2011-жылдын июль айында башталган. Ал эми бул учурда, тактап айтканда, 2011-жылдын 14-апрелинен тарта 2015-жылдын 22-январына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорлук кызматында Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Аида Салянова турган.