Орозо айт майрамы жекшембиге туш келгендиктен дүйшөмбү - 26-июнь дем алыш деп жарыяланды

Бул жылы Орозо айт майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен дүйшөмбү - 26-июнь дем алыш күнү деп жарыяланды. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен тастыкташты.

КРнын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, эгер майрам дем алышка туш келсе, эс алуу кийинки жумуш күнүнө жылдырылат. Буга чейин Мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт майрамы 25-июнга белгиленгенин билдирген.

“Уламалар кеңеши менен биргеликте астрономиялык илимдин негиздерине таянып, Ай жаңырган күн 25-июнга дал келгендиктен ошол күнгө токтолдук. Коңшу мамлекеттерде да 25-июнда белгиленмей болуптур. Буга ылайык, орозо тутуу убактысы 29 күн болуп калды”, - деп айтылган Муфтияттын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан