Депутаттар чек ара аймагындагы айрым айылдарга өзгөчө статус берүү боюнча мыйзамды колдошту

Бүгүн, 22-июнда парламентте айрым чек ара аймагындагы айылдарга өзгөчө статус берүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, өзгөчө статус берилген айылдарга социалдык объекттерди куруу, элге социалдык кепилдик берүү каралган. Ошондой эле жеңилдетилген насыя берүү, мугалимдерди, дарыгерлерди ошол жакка тартуу боюнча программада бар.

Буга чейин өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеги бекитилген. Бирок аларды тизмеге кошуу үчүн кошумча критерийлерди иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгон. Негизинен 3 критерий белгиленди. Алар: айылдын социалдык-экономикалык жактан начардыгы, айылдын жайгашкан шартынын катаалдыгы, улуттук коопсуздук жаатындагы абалы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан