Орусия Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны союздаштарынын жардамысыз жеңе алмак. Мындай пикирин "Левада-центр" иликтөө ишканасы жүргүзгөн сурамжылоого жооп берген орусиялыктардын үчтөн эки бөлүгү билдирген. Изилдөө жүргүзгөн ишканага шилтеме берүү менен "Интерфакс" басылмасы сурамжылоого тартылгандардын 63 пайызы ушул ойду айтканын жазат.
Ушул жылдын 19-22-июнь күндөрү Орусиянын 48 аймагында жашаган 18 жаштан жогорку 1600 жашоочуга сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага катышкандардын 28 пайызы жеңишти багындырууда СССРдин союздаштарынын ролу чоң болгонун билдиришкен болсо, 9 пайызы так жооп бере алган эмес.
"СССР миллиондогон жашоочуларын жоготкон. Буга эмне себеп?" - деген суроого сурамжылоого тартылгандардын:
36 пайызы - "Германия күтүүсүздөн кол салган, ошондуктан СССР миллиондогон жашоочуларын жоготкон".
24 пайызы - "Германиянын аскердик-техникалык артыкчылыгы себеп болгон"
12 пайызы - "СССРдин жетекчилигинин туура эмес жол көрсөтүүсүнөн улам"
10 пайызы - "Аскерлерге берилген буйруктун так эместигинен", - деп жооп беришкен.
Маалымат үчүн айта кетсек, Экинчи дүйнөлүк согуш - дүйнөнүн тарыхындагы эң ири окуя катары жазылып калды. Согушка дүйнөдөгү 61 мамлекет, тактап айтканда, жер жүзүндөгү мамлекеттердин 80 пайызы тартылган. СССРдин фашисттик Германия, милитаристтик Япония менен кармашуусу дээрлик 40 мамлекеттин аймагында жүргүзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жүргөн жылдары кармашуунун кесепетинен ар кандай себептер менен СССР 27 миллионго жакын адамын жоготкон.
Ал эми Кыргыз жеринен кан майданга 365 миң жоокер аттанган. 150 миңден ашыгы курман болгон.