Бүгүн, 22-июнда 2009-жылдын июль айына чейин салынган сугат жерлерди трансформациялоо мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. 100 депутат катталып, баары “макул” деп добуш беришти.
Эске салсак, 15-июнда мыйзам долбоору парламенттик жыйында каралып жатканда мекемелер аралык комиссия менен өкмөттүн маалыматы эки башка болуп чыгып, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жөнөтүлгөн. Өкмөт комиссиянын тизмесинде 2009-жылдан кийинки салынган үйлөр кирип калганын айткан. Аталган комитет трансформациялоого сунушталган жерлердин санын өкмөт аныктасын деген чечим кабыл алган.