Финляндиянын экс-президенти Тарья Халонен "үйү жок калган адамга айланды". Тагыраагы ал үй-жайы жок калган кайырчынын образын жаратты. Мындай маалыматты бүгүн, 22-июнда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматта саясатчы Куткаруу армиясы уюштурган жакырчылык менен күрөшүү кайрымдуулук иш-чаранын алкагында мындай кадамга барган. Экс-президент 20 мүнөттөй эски, кир кийим кийип, жер өтмөктүн тепкичинде кайырчынын образын жаратып, атайын фотосессияга катышкан. Иш-чаранын максаты - ар бир адамга оор күндөр күтүүсүз келерин жана мындай кайгыга жарандарды көңүл кош болбоого чакырык жасоо болгон.
"Ал образга жана кырдаалга берилүү менен кире алды. Муну менен ал өз ишинин чыныгы чебери экенин көрсөттү. Кыска убакытта биз керектүү кадрларды тартып алууга жетиштик", - деп билдирген фотограф.
Тарья Халонен 2000-жылы Финляндиянын президенти кызматына келип, 2012-жылга чейин президенттик кызматта отурган. Кызматтан бошогон соӊ социалдык долбоорлорго активдүү катыша баштаган.