Бүгүн, 22-июнда парламентте аялдардын жана кыздардын коомдогу абалы жөнүндө маселени 13 депутат талкуулап жатат.
Учурда өкмөт мүчөлөрү аялдардын жана кыздардын коомдогу орду, абалы тууралуу маалымат берип жатат. КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева аялдардын маселеси талкууланып жатканда эркек депутаттар жыйындан кетип калганына нааразы болду. "Добуш берүү учурунда 101 депутат каттоодон өткөн. Азыр 20га жакын эле аял депутаттар отурат", - деп билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттарды жыйындын аягына чейин катышууга чакырган. Бирок спикер өзү кетип калды.