Бакдөөлөттүн апасы: "Дарыгерлердин кароосунан кийин дени сак уулум көрбөй, сүйлөбөй, баспай калды"

Бакдөөлөт Эсенгулов 2011-жылы дени соо төрөлүп, үй-бүлөсүнө кубаныч алып келген. Кадимки көпчүлүк ымыркайлардай эле чоңоюп, 7 айлык кезинде өз алдынча отуруп, чыгырык менен басып калган. Дени соо баланын кантип көзү көрбөй, буту баспай, сүйлөбөй калганын апасы Акматова Айнура SUPER.KG'ге айтып берди.

"7 айлык кезинде бир күнү дене табы көтөрүлгөнүнөн Фучик көчөсүндөгү №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алып бардык. Ал жерден дарыгерлер карабай жаткандыктан акча берип, дене табын түшүргөнгө укол сайдырдык. Ал жактан бизди Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына жөнөтүштү. Балам ыйлап эле барган, дарыгерлер алып кирип кетишти. Андан кийин жарым сааттай ыйлады да такыр эле басылып калды. Бизди эртең келгиле деп үйгө жөнөтүп жиберишти. Түнкүсүн чыдабай кайра келсем балаңардын абалы оор, менингит дешти. Бизди көндүрүшүп, баламдын жүлүнүнөн суу алышты. Ошентип бул ооруканада 12 күн жаттык", - деди Акматова.

Анын айтымында, аталган ооруканада балага жакшы көңүл бурушпагандыктан, дарыгерлерге акча сунуштап баласын жакшы кароону өтүнүшчү. Мындай абал кесепетин тийгизет деген ойдо тааныштар аркылуу Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборуна которулуп келишкен.

"Бул жерде баламды жакшы карай башташты, бирок жугуштуу оорулар клиникасында баламдын өпкөсүнө суук өткөн экен, колунда да ар кандай тактар калган. Бул борбордо балам 45 күн комада жатты. Ошол учурда мен таңдан кечке чейин жандандыруу бөлүмүнүн алдында турчумун, түнкүсүн да ошол жерде уктап калчумун. Бир күнү жолдошум экөөбүз турсак жугуштуу оорулар клиникасындагы дарыгер өтүп баратып "Балаңар оор экен", деп мыйыгынан күлүп кетти. Азыр анын аты гана эсимде, аты - Улукбек. Биз ага эмне гана кылган жокпуз, ошол ооруканада жатканда баламды көргөн сайын акча берип турчубуз. Кийин мен жугуштуу оорулар клиникасындагы баламды дарылаган дарыгерлердин үстүнөн арыз жаздым", - дейт Бакдөөлөттүн апасы.

Бирок көп өтпөй баласы менен кайрадан Жалдагы борборго келүүгө мажбур болушкан. Бул учурда андагы дарыгерлер жугуштуу оорулар клиникасынын үстүнөн жазылган арызды кайтарып алууну талап кылып, эгер антпесе баласын кабыл албай турганын айтышкан.

"Мен арызымды кайра алдым. Ошентип балам майып болуп калды. Азыр көзү көрбөйт, сүйлөбөйт, баспайт, тура албайт. Ыйлаганда кайсы жери ооруганын биле албай убараланабыз. Азыр 7 айлык кош бойлуумун, жолдошум ар кайсы жерде иштейт. Балама майыптыгы үчүн 3000 сом алабыз, айына 2200 сомдук жалаяк кетет, дары каражаттарын алабыз. Үйүбүз жок болгондуктан каражаттан кыйналып вагонго көчүп алганбыз. Оорулуу бала менен мындай шартта жашоо кыйын. Эми төрөсөм кандай күн кечиребиз билбейм", - деди Айнура Акматова.

Буга чейин да 8 жаштагы Айым Айтбаеванын башына операция жасалгандан кийин эки көзү көрбөй калганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
wwwbaxa
2017-06-23 21:33:16
кудайым сабыр берсин,сабыр кылыңыз!Азыркы заманда эч кимге ишенич жок,бир гана Аллаадан сураныш керек.
+2
aidinaernur
2017-06-23 21:52:36
Кудай ден соолук берсин баардык балдарга.
Врачтардын баары акча дейт дегенден алысмын бирок арасында бар кайдыгер карап акча умут кылгандары.
Аллах шыпаасын берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан