Сот Аида Салянованын ишин тергөөгө кайтаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

09:24. Тартип сакчылары журналисттерди соттук отурумга киргизбөө тапшырмасы болгонун айтып, отурумду чагылдырууга келген маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей жатат. “Бизге айыпталуучунун туугандарынан 10 адам жана жактоочулардан башка эч кимди киргизбегиле деген тапшырма болгон”, - деди нөөмөттө турган милиция кызматкери. Учурда соттук отурумду чагылдырууга келген журналисттер сыртта уруксат берилишин күтүп турушат.

10:12. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында журналисттерди соттук отурумга киргизүүгө уруксат берилди. Сот отуруму башталды.

10:24. Соттук отурумда Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбековага сөз берилип, ал буларды айтты. “Буга чейин бир канча өтүнүч бердик. Ишти кыскартуу боюнча, сотко ишеним көргөзбөө боюнча, бирок алар канааттандырылган жок. Ошондуктан биз 2006-жылдан бери Елисеевге адвокаттык лицензия берип, узартып жүргөн адамдардын баарын соттук териштирүүгө алууну сурайм. Тагаев, Уметов, Сыдыков, Жакупов, Ашимбек уулу, Идрис уулу, Зафаров, Батырова жана башка адамдарды соттук териштирүүгө алууга өтүнүч берем. Себеби Елисеевге лицензия узартуу боюнча өзүнчө эреже жок”, - деди жактоочу.

10:31. Аида Салянова: “Салянова эрежени бузду, адвокаттын лицензиясын узартты" деп жатасыздар. Буга арыз түшөт. Бул жерде соттолгондугу тууралуу маалым кат жиберилбейт. Башка эрежелери жок эле автоматтык түрдө ал узартылат. Ошондуктан Елисеевге лицензия берген бардык адвокаттарды күбө катары суроого өтүнүч берип жатабыз”, - деди. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок.

10:41. Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова сот жыйынынын катчысын алмаштыруу өтүнүчүн келтирди. Салянова аны менен макул болду. Прокурорлор буга каршы болушту. Судья кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

10:51. Судья кеңешме бөлмөсүнөн келди. Ал Салянованын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

11:06. Салянованын жактоочусу: "Елисеев лицензиянын негизинде Латвияда фирма ачып иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралды деп материалдарда жазылып турат. Иш козголгондон 2 күндөн кийин Латвияга маалым кат жиберилген. Бирок Латвиянын тиешелүү органы Башкы прокуратурага бул боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан. Эч кандай далил жок "Елисеев Латвияда ошол узартылган лицензиянын жардамы менен жашап, иштеп жатат" деп иш козголуп жатат. Ошондуктан Башкы Прокурор Индира Жолдубаеваны сотто келип көрсөтмө берүүсүн сурайм", - деп өтүнүч келтирди.

11:13. Сот бул өтүнүчтү четке какты.

11:15. Аида Салянова: "Ишти кайра тергөөгө кайтарууну сурайм. Елисеев ачкан сайт Бишкекте ачылган. Ал кандай жол менен ким тараптан ачылган, ким төлөм жүргүзгөн, мунун баарын тергеп чыгуу керек. Кыргыз өлкөсүндө соттолгон Елисеев Латвияда коммерциялык максатта Салянова тарабынан узартылган лицензияны колдонгон. Бирок бул жерде чоң суммадагы акча, уюшулган адамдардын пайдасы тууралуу сөз болгон. Бирок материалдык же кыймылсыз мүлк боюнча бир да далилдер жок. Бул жерде лицензияны жаңылоо процесси мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте эле болгон. Елисеев 2010-жылы июнь айында лицензия алып Латвияда адвокаттык фирма ачкан деп жатат. Бирок ал фирманы 2010-жылы апрелде эле ачкан экен. Ал эми лицензиясын узартуу ошол жылы июнь айында 2 айдан кийин ишке ашкан. Ал эми сайттын ачылышы боюнча сайтты колдонуу менен пайда таба алабы, кеп ошондо. Ал эми лицензия Кыргыз жергесинде гана жарактуу. Мен ошондуктан өтүнүчтү колдойм".

11:20. Судья бул өтүнүч боюнча чечим чыгарууга кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

12:00. Судья сот залына келип, Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин кайра тергөөгө кайтаруу өтүнүчү боюнча чечимин окууда.

12:16. Сот Аида Салянованын ишин тергөөгө кайтаруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

12:17. Салянованын жактоочусунун суранычы менен бүгүнкү сот отуруму токтотулду. Судья кийинки жараянды 30-июнга саат 10:00гө дайындады.

Салянованын иши: тергөөнү кайра жүргүзүү өтүнүчү келтирилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet2014
2017-06-23 11:04:05
Кыргызча болсо болбойбу ээ. Кайсы мамлекетте жашап жатабыз биз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан