Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту жактоочулардын келбей калганына байланыштуу башка күнгө жылдырылды

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 12 адамдын иши боюнча соттук отурум уланмак. Бирок бүгүнкү отурумга айыпталуучулардын жактоочулары Шарабидин Токтосунов менен Акин Токталиевдин келбей калганына байланыштуу кийинки отурум 18-август күнү саат 10:00гө белгиленди.

Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-08-14 16:10:12
Кыргызстанда мугалимдер менен врачтар эле элге кызмат кылып иштейт окшойт. Булар кааласа келет, кааласа 10-15 жылга камап салат.
Ушул президенттик шайлоодо татыктууну шайлап алалы. Бирок арасында татыктуусу барбы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан