2012-жылдын 7-декабрында АКШ баалуу кагаздарга байланыштуу алдамчылык кылмышына айыптап Улуу Британияга Максим Бакиевди экстрадициялоо талабын койгон болчу. Аны экстрадициялоо боюнча сот иши 2013-жылдын 13-майында Лондон шаарында өтмөк. Бирок 10-майда АКШнын прокуратурасы М. Бакиевге байланыштуу кылмыш ишин токтоткондугун жарыялап, бирок иш эмне себептен токтотулганын ачык түшүндүргөн жок. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен экстрадициялоо талабынын токтотулушу экс-президенттин уулуна карата далилдердин жетишсиздиги себеп болгонун чалагайым түшүндүрүмүш этти. Коомчулукта бир катар пикирлер айтылууда, талкуу күч. Айрымдар "Максим Бакиев ири суммадагы акча менен АКШ бийлигинин оозун жапты" десе, башкалар "АКШ "Манас" аэропортундагы аскердик базасын 2014-жылы чыгарбай алып калуу аракетинен жыйынтык чыкпаган соң ушундай чечимге келди" деген ойдо. Анткени президент Алмазбек Атамбаев аталган аскердик база кандай болгон күндө да келишим бүтөрү менен өлкөдөн чыга турганын ишенимдүү айтып келет. Мындай пикирин жакында эле дагы бир жолу бекемдеген болчу өлкө башчы. Бул маселе боюнча бир катар адамдардын пикирин сурап көрдүк.
АКШ Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
Мирсулжан Намазалиев, жаш саясатчы:
- АКШнын Максим Бакиевди экстрадициялоо талабын токтоткону тууралуу азырынча бир пикирди айта албайм. АКШнын сот системи бизден бир кыйла башкача. Алар ар бир айыптоого, козголгон кылмыш ишине кылдаттык менен мамиле кылышат. Кылмыш ишине далилдер жетишсиз болгону үчүн ишти токтотушу мүмкүн. АКШ бийлиги азырынча так жообун айтпай келе жатат, демек, баарыбызга себеби түшүнүксүз болууда.
Бекбосун Бөрүбашев, серепчи:
- Максим Бакиевдин бошотулушу соттук-укуктук маселе катары каралбай, саясатташып кетти окшойт. Биринчиден, Максим Бакиев эл аралык мафиянын мүчөсү болчу, экинчиден, Америка демократиялык өлкө, ал жактын соту акыйкат чечим чыгарат дегенге кошулбайт элем. Себеби ал жакта да өздөрүнүн саясаты бар. Үчүнчүдөн, "Манас" аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборун Кыргызстандан чыгарабыз дегендигине байланыштуу бийликке берген кандайдыр бир белгиси болсо керек. Ал эми бул маселеге байланыштуу биз АКШга эч кандай сын айта албайбыз, себеби ал демократиялуу өлкө. Өз кезегинде Кыргызстан өзү чыгарган чечимди ишке ашырууга аракет кылуусу керек.
Эльвира Сариева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты:
- Революциядан соң Кыргызстан демократиянын тирөөчү болгон Америкадан калыс чечимди күткөн, бирок андай болгон жок. АКШ чыгарган мындай күтүүсүз чечимди саясий кадам деп баалоого болот. Американын аскердик базасын Кыргызстандан чыгаруу убактысы жакындаганда Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш ишинин токтотулушу абдан чоң дал келүүчүлүк болду. Ал эми акыркы учурда Кыргызстандын айрым өлкөлөр менен болгон байланышында Бакиевдер эң башкы курал болууда.
Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты:
- Тилекке каршы, бул иштин мазмунун толук билбейт экенмин. Бирок бул маселеде эки негизги вариант бар дейт элем. Биринчиси, мындай чечим АКШнын мыйзамына ылайык болушу мүмкүн. Себеби кылмыштын курамы болбосо, жасалган кылмышка карата далилдер жетишсиз болгон үчүн Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш ишин жаап койсо керек. Экинчиси, АКШ саясий чечим чыгарды. Себеби Борбордук Азияда алар чоң саясат жүргүзүп жатат. 2014-жыл жакындаганына байланыштуу алар ушундай саясий чечим кабыл алып, ишти жаап койду. Ал эми биз жакында АКШнын аскердик базасы тууралуу парламентте талкуулайбыз. Анда депутаттар өзүбүздү кызыктырган көптөгөн суроолорго жооп алабыз деп ойлойм. Ошол жерден сөзсүз түрдө Максим Бакиев тууралуу да суроолор берилбей койбойт. Ошондо бардык нерсе ачыкталат деп ойлойм.
Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:
- Себебин алар айтып жатышпайбы, "далилдер жетишсиз болуп токтоттук" деп. Бирок ушул жери абдан эле күмөн болуп турат. Анткени далил жетишсиз болсо былтыр дүйнөгө жар салышпайт эле го "кылмыш ишин козгодук, Америкага алып барып соттойбуз" деп. Анын үстүнө ошол кезде ынанымдуу эле негиздерди айтышкан да, Максим Бакиев кантип акча жасаганын, ага кимдер көмөктөш болгонун. АКШнын юридикалык системи деле биздин чала сабат юристтерибиздей бирдеме жаза береби, алардын бийлиги деле жөн эле баш-аягы жок иш баштай береби деген ойду жаратпай койбойт. Андай болсо "океандын ары жагындагылар абдан ойлонуп туруп иш кылат" деген жомокту жокко чыгарып, алардын саясат, экономика, адам укуктары жана башка жактардан берген кеңештерин да сын көз караш менен карашыбыз абзел. Аларга ишенип алып адашып, эртең талаада калбайлы дейм да.