Өлкөдө 4 жылда 478 бала жол кырсыгынан каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда жол коопсуздугу боюнча өтүп жаткан форумда "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова билдирди.
Анын айтымында, 4 жыл аралыгында 5 000 бала жол кырсыгынан жабыркаган. 2013-жылы 142, 2014-жылы 112, 2015-жылы 96, 2016-жылы 128 бала каза болгон. 2013-жылдан 2016-жылга чейин өлкөдө 27 миң 545 жол кырсыгы орун алган.
Касмамбетова айдоочулук күбөлүктү берүү жана окутуу системин өзгөртүү керек экенин белгилесе, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тынчтык Шайназаров Бишкек шаарындагы коомдук транспорттор жол эрежесин одоно бузуп жатканын айтты.
"Алар элди ташып жүргөнүн эсинен чыгарып коёт. Эрежени бузуп, унаага жүргүнчүлөрдү ашыгы менен салат. Жоопкерчиликти сезишпейт. Буга чара көрүү керек. Күнөөлүү адамдар жазаланбаса жоопкерчилик болбойт", - деди депутат.