Британиядагы “The Times” басылмасы британиялык чиновниктердин социалдык тармактардагы баракчаларын бузууга жана логиндер менен сыр сөзүн алмаштырууга кудурети жеткен орусиялык сайт табылганын жазып чыкты. Анда 1000ден ашуун парламент мүчөлөрүнүн, 7000 полиция жана Тышкы иштер министрлигинин 1000 кызматкеринин электрондук даректерин сатып алууга мүмкүн экендиги айтылган.
Мындан улам Британиянын Кибер коопсуздук боюнча улуттук борбору териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Эгер бул кабар чындап такталса, маалыматтарды сактоо боюнча мамлекеттик уюмдун жетекчиси иштен алынары айтылды.
Кошумчалай кетсек, бул батыш өлкөсүнүн орус хакерлерине койгон алгачкы дооматы эмес. Буга чейин аларды “АКШнын президенттик шайлоосунун жүрүшүнө да залакасын тийгизүүгө аракет кылышкан” деп айыпташкан. Ал гана эмес, ушул жылдын 21-июнунда Британиянын түз эфирдеги жаңылыктар көрсөтүүсү учурунда үн берүүчү техниканын иштебей калуусун да орус хакерлеринен шектенишкен.
Хакер – англис тилинен которгондо "бузуу", "жаратпоо" дегенди түшүндүрөт. Термин интернеттеги бирөөнүн маалыматын уурдаган же бузган адамдарга карата айтылат.