“Жол эрежесин Ак Үйдө, өкмөттө, укук коргоо органдарында иштегендер бузат”, - деди бүгүн, 23-июнда жол коопсуздугуна арналган форумда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов.
Ал унаа айдоого үйрөтүүчү мектептерди күнөөлөгөндөн алыс болууга чакырды. “Артка карабай алдыга жылышыбыз керек. Өкмөт тез аранын ичинде “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруусу зарыл. Жол эрежесин бузган адам камерага түшкөндөн кийин ал депутат же өкмөт өкүлү болобу, айып пул төлөйт. Ар бирибиз өзүбүздүн жумушубузду так аткаралы, кемчиликтин үстүнөн иштеп, бул көйгөйдүн алдын алуубуз керек”, - деди депутат.