2011-жылы америкалык актёр, продюсер жана режиссёр Питер Майкл Фальк каза болгон.
Ал 1927-жылы 16-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында еврей үй-бүлөсүндө туулган. 12 жашында “Пензанстагы каракчылар” тасмасына тартылып, ошондон кийин актёрлук кесипке кызыга баштаган. Бирок атак-даӊкты 1968-2003-жылдары тартылган “Коломбо” сериалындагы лейтенант Коломбонун образы алып келген.
Актёр 2 жолу “Оскар”, 12 жолу “Эмми” жана 10 жолу “Алтын глобус” сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бирок 5 “Эмми” жана 1 “Алтын глобусту” гана уткан. Ал эми өзүнүн карьерасында 109 көркөм фильм жана сериалдарга тартылган.
1960-жылы Элис Мэйо аттуу бийкеч менен баш кошуп, 2 бала багып алышкан. Бирок үй-бүлө 1976-жылы эки ажырым жолго түшкөн. 1977-жылы актёр “Коломбо” сериалында эпизоддук роль жараткан Шире Дениз деген актрисага үйлөнгөн.
Фальк 2008-жылдан тарта Альцгеймер оорусу менен жабыркап, 2011-жылы өз үйүндө уктап жаткан жеринен жүрөгү сокпой калган.
Альцгеймер – нерв клеткалары жабыркап, кабыл алуусунун начарлоосуна алып келүүчү оору. Бул дартка көбүнчө 65 жаштан өткөн инсандар кабылат. Оору немец психиатры Алоис Альцгеймер тарабынан изилденип, анын аты менен аталып калган.
23-июндун жылнаамасы.