Бүгүн, 23-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жеринен Сирияга аскер жөнөтүлүшү мүмкүн деген маалымат Орусия медиа айдыңында тарады. Аталган өлкөнүн Мамлекеттик Думасынын депутаты, парламенттин коргоо боюнча комитетинин башчысы Владимир Шаманов Орусия жогорудагы маселенин алкагында Кыргыз мамлекети, ошондой эле Казакстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын, бирок чечим кабыл алына электигин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы июлдун башында билинип калары айтылган. Тагыраагы 4-5-июль күндөрү коңшу өлкөнүн борбору Астанада Сирия боюнча жүрүп жаткан эл аралык сүйлөшүүлөр 5-ирет болуп өтөт. Дал ушул иш-чарада Кыргыз менен Казакстандан аскер жиберүү маселеси каралышы мүмкүн дешүүдө. Расмий Бишкек бул тууралуу эмне дейт?
Ушул жылдын 3-4-майында Астанада орун алган кезектеги сүйлөшүүдө Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы кырдаалды жөндөө боюнча меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, Сирияда ырбап турган жаңжалды токтотуучу 4 зона түзүлгөн. Бул аймактар террорчулардан жана курал-жарактан арылып, ок атышуу токтотулуп, жергиликтүү элге медициналык, гуманитардык жардам берүүгө шарт түзүлүп, коопсуз зона жаралмак. Меморандумда "Коопсуздук зоналарындагы көзөмөл-өткөрүүчү, ок атышууну токтотуу режимине байкоо салуучу пункттардын иши Түркия, Орусия жана Ирандын аскерлеринде болот. Зарыл болгон учурда үчүнчү тараптын күчтөрү пайдаланылышы мүмкүн" деп жазылган.
Негизи, тынчтык орнотуу миссияларына Кыргыздын күч органдарынын өкүлдөрү катышып жүрүшөт. 2014-жылы БУУнун тынчтык орнотуу операцияларынын алкагында Кыргыздын 23 аскери Гаити, Либерия жана Суданда кызмат өтөгөнү белгилүү. 2017-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын ИИМинин өкүлү Санжар Тургумбаев Судандын Дарфур провинциясынын райондук ички иштер органынын командири болуп дайындалган. Мекендешибиз дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн барган 68 полиция кызматкерлерине жана Египеттен барган 170 тынчтык орнотуучуга жетекчилик кылат. БУУнун алкагында тынчтык орнотуучулардын коопсуздугу үчүн каралган шартка салыштыруу күчөп, мунун айынан Орусиянын ошондой жетиштүү шартты камсыздап берери күмөн жаратууда. Ошондуктан Сирияга аскер жөнөтүүнү Кыргыз аскерлерин түз отко айдап барууга барабар деген пикирлер айтылып жатат. Дегеле Сирияга аскердик жактан кийлигишүү Кыргыздын иши эместигин айткандар да көп. Расмий маалыматка таянсак, Орусия Сирияга аскердик күчтөрүн киргизгенден тарта 33 жоокерин жоготкон (2017-жылдын 3-майына карата). Бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Германия, Италия, Франция баштаган Батыштын өлкөлөрү Орусиянын Сирияга аскердик кийлигишүүсүн сындап, бул үчүн Кремлге каршы санкцияларды күчөтүшкөн. Эске салсак, Сириядагы жаӊжал 2011-жылдын март айында башталганы белгилүү. БУУнун маалыматы боюнча аталган мамлекеттеги жарандык согушта 400 миӊдей адам каза таап, 10 миллиондой адам өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. “Ислам мамлекети” террордук тобу Сириянын Ракка, Мосул өӊдүү ири шаарларын басып алган. Акыркы мезгилде ал аймактарды террорчулардан бошотуу аракеттери көрүлүүдө.
Орусиянын ЖМКлары тараткан маалыматка жасаган Казак жана Кыргыздын реакциясына келсек... Казакстан тарап өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча эч ким менен сүйлөшүү жүргүзбөй жатканын билдирүүгө шашты. Ал эми Кыргыздын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун айтымында, бул маселе ЖККУнун деңгээлинде көтөрүлгөн жана анда Сириянын коопсуз аймактарына тынчтык орнотуучу контингентти жөнөтүү гана сөз болгон. “Андан ары бул маселе боюнча сүйлөшүү болгон эмес” дейт Жумакадыров. Кыргыздын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да Жумакадыровдун сөзүн кайталап, аталган маселе Орусиянын демилгеси боюнча талкуу болгонун билдирди. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, жогорудагы жооптордон улам кандайдыр бир деңгээлде сөз орун алганын билдирет.
Бирок тагдыр чечүүчү президенттик шайлоонун алдында Кыргыз бийлиги Сирияга аскер жөнөтүшү татаал иш. Ансыз да Орусиядан көз каранды деп сындалган бийлик жалынды шайлоо алдында тутантып жибериши күмөн. Эгерде бийлик мындайга жол берсе, өзүнө өзү көр казганга тең болмок. Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү мүмкүн деген маалыматтардын алгач чет жердик басылмаларда чыкканы күздөгү шайлоого сырткы күчтөрдүн жөн гана карап турбашынан кабар берет. Андыктан шайлоо Кыргыз элинин өз президентин тандоосу гана эмес, мамлекетибиздин канчалык эгемен экендигинин да көрсөткүчү болот. Кыргыз коомчулугу Сирияга аскер жөнөтүүгө караманча каршы экени бүгүн интернеттеги талкуулардан даана көрүндү...
Бишкекте "Өнүгүү-Прогресс" партиясы жол коопсуздугуна арналган форум уюштурду. Партиянын атынан президенттикке талапкер болом деген Бакыт Төрөбаев иш-чарада модератор болду. Өз сөзүндө ал форумга премьер-министр, президенттик аппараттын башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы чакырылганын айтып, бирок алар келбей коюшканын сынга алды. Аталган маселенин азыркы тапта өлкөнүн алкагында курч болгонуна карабастан шайлоого аз калганда атаандаштар бири-бири үчүн упайга айлангысы келбегени билинип жатат. Форумда көңүл бура турган сунуштардан айдоочуларга айып пулду көтөрүү, 2018-жылды "Жол коопсуздугунун жылы" деп жарыялоо, оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу болду. Президенттикке талапкердин жол кырсыктар маселесин чечүүнү приоритет катары тандаганы бир жагынан олуттуу кадам болгону менен, экинчи тараптан популисттик демилге катары кабыл алынат.
Статистикага таянсак, 2016-жылы өлкөнүн жолдорунда 5 миң 868 кырсык катталып, 938 адам каза болгон. Алардын 128и жаш балдар. Ошондой эле былтыр 9 миңге жакын адам жол кырсыктарында ар кандай деңгээлде жаракаттарды алган. Быйыл да өзгөрүү байкалбагансыйт. 2017-жылы 4 айдын ичинде эле Кыргыздын жолдорунда 144 адам жана 11 жаш бала каза тапты. Апрель айында Бишкекте айдоочу автоунаасы менен 2 мектеп окуучусун сүзүп, балдардын өмүрүн дарыгерлер сактап калышкан эле. Бул окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө жана Коопсуздук кеӊешинин катчылыгына бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен түзүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусу менен жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеӊешме даярдоону тапшырган. Кийин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү органдардын жетекчилерин чогултуп, жол кырсыктарын азайтуу боюнча сунуштардын топтомун иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Андан бери эки ай өттү, өлкө жетекчилери бул маселе кантип чечилип жатат деген суроого кайтып келише элек. Демек, кеӊешме резонанс жараткан учурда формалдуу иш-чара гана болдубу? Жол коопсуздугу үчүн кескин реформалар жана чечкиндүү кадамдар керек. Учурдагы бийликтен мындай аракеттерди көрбөй эл жаңы шайланчу президенттин эркине үмүт артууда...