Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө жана Коопсуздук кеӊешинин катчылыгына бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен түзүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусу менен жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеӊешме даярдоону тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде президенттик аппарат билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чөйрөдө топтолгон көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар комплексин камсыздоону тапшырды.
Эске салсак, өткөн жыл ичинде өлкө боюнча жол кырсыгынан 128 бала көз жумган. Ал эми жалпы бир жылда 1200 адам каза болгон. Ошондой эле активисттер бүгүн маалымат жыйында акыркы жыл ичинде жол кырсыгынын саны 10 пайызга өскөнүн айтышкан.