Каныбек Иманалиев: "Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүүнү же жөнөтпөөнү парламент чечет"

Орусия Кыргыз мамлекетине жана Казакстанга өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сунуш берери жана учурда эки тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы боюнча маалымат тараган. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 23-июнда SUPER.KG'ге "аскерлер Сирияга жөнөтүлөрүн же жөнөтүлбөсүн парламент чечет" деп билдирди. Айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты орнотуу келишимине ылайык Кыргыз мамлекетинин аскерлери тынчтыкты орнотууга катышат.

"Аскерлерди Сирияга жөнөтүү тууралуу эч бир тарап менен сүйлөшүү боло элек. Сунуш түшкөн болсо, Жогорку Кеңештин эл аралык, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралмак. Анткени бул маселени парламент чечет. Ал эми БУУнун тынчтыкты орнотуу келишимине ылайык кыргыз аскерлери согушуу үчүн эмес, тынчтыкты орнотууга катыша алат", - деди эл өкүлү.

Казакстан тарап бул маселеге бүгүн жооп кайтарды. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун айтымында, Казакстан өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча эч бир тарап менен сүйлөшкөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Mumu1986
2017-06-23 17:58:08
Кудай сактасын. Россия бизди эмнеле кошуп, акчаларды берип калдыдесе, ушундай жактарга колдонуу учун экенда... Макоолор. Патриот бироо жарым чыгып, бечара аскерлерибизди коргоп койсокен эми.
+5
Totyua.71.
2017-06-23 18:06:34
ЭЛИНИН атынан бир адам эч качан чечим чыгара албайт,карыздын ордун ушинтип айырбаштап келдиби?Бийлик эсинерге келгиле,тынч жаткан Элди козгобогула,Сирияга каршыбыз!!!!
+11
grace
2017-06-23 18:07:57
Эгер ошондой болсо андай парламенттин бизге кереги Жок, ансыз да 120 кой бизге көптүк кылат. Негизи, мурда легендарлуу парламент 90 эле депутат бар эле, неге көбөйтүштү саны бар сапаты жок жепжутаттарды...
+11
tynara81
2017-06-23 18:15:23
Демек, тынчтыкты орнотууга барышат деген шылтоо менен алып кетишет окшойт баары бир. :(
+6
aibars
2017-06-23 18:37:31
tynara81, Азыркы аталышы согуш эмес, тынчтыкты орнотуу болуп аталат. Бирок кадимки эле согуш.
+5
Ronaldo.99
2017-06-23 18:37:22
Ошол тынчтык да согуш менен орнойт.
Эгер 120 депутаттын балдары менен,А.Атамбаевдин баласы барса эркекче барам
+5
azamat1978
2017-06-23 18:39:43
Элди кынабагыла окумоттогу жеп жутарлар ансызда жоктун азабын тартып келет карпайым эл балдар келечегибиз жонотпойбуз каршыбыз
+5
gulmira12345
2017-06-23 18:40:18
Жонотсо биринчи очеред депутаттардын акимдердин мерлердин балдарын жоноткуло бечара кайран карапайым элимдин уулдарын жонотпой ойлонгула биздикилер эмне учун барыш керек ал жакка 41чи жылкы согуш жетет кыргызды кырып бутмок болдунарго
+4
bakulya2015
2017-06-23 19:06:12
Ак уйдого 120сына жана Атамбаевти кошуп жонотолу жакшы болмок.
+5
kamchatka
2017-06-23 19:08:14
парламент менин жана менин балдарымын тагдырын чечалбайт!сирияга парламентеги отургандар жана балдарынар менен бара бергиле ошону каалап атсанар!
+3
dastan.bujun
2017-06-23 19:57:08
Менимче Россия террочулардын оюн Россиядан Кыргызстанга буруу. Эгер террорчулар КРда жардырууларды уюштурса.КРда мусулмандарга кысым башталып эл Исламды жек коруп калат. Ошентип Россия Сирияны да КРдагы Исламды да алсыздандырат
+3
pixduel1
2017-06-23 19:59:26
Кыргызстандан эч ким барбайт! Митинг кутуп жатат окшойт булар! Кайсы эне баласын ыраа корот ?! Айнып калышканбы эмне?!
+4
brilliantka2016
2017-06-23 21:56:30
Депутаттардын балдары барбайт да.андайга келгенде эле ооруп калат эмеспи.чет мамлекетте окуп жыргап журушсо.алардын ордуна карапайым элдерди кыйнашат да.эч ким барбайт эч кимди жибербейбиз согушка
+2
Medina87
2017-06-23 22:31:30
Суперде эле журо бербей чыккыла башка жакка кабар окууга....
Июльда Астанада кол коюп бекитишет бул теманы!!
-1
tursunbaev78
2017-06-24 00:30:10
Medina87,Кыргызстандын атынан сен кол коёсуңбу?
0
sabyr86
2017-06-24 01:07:39
Парламент чечпей эле койсун,дагы бир байкуштардын балдары барат,парламенттегилердин балдары бармак беле?
+1
Nasichat
2017-06-24 09:25:40
Кыргызстандын эли озу аз. Бир гана Аша анан 120кой , анан Ашанын тряпкалары ашыкча болуп жатат. Ушул мите курттарды айдаш керек ошол жакка.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан