Ысык-Көлдөгү жарылуудан жабыр тарткандарга жана каза болгондордун жакындарына акчалай жардам бөлүндү

Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылында газ саткан жайдагы жарылуудан жабыр тарткандарга жана каза болгондордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлгөндүгүн SUPER.KG порталына райондун акими Данир Иманалиев билдирди.

"Жарылуудан жабыркаган 7 адамга президент тарабынан 20 миң, 1 адамга 10 миң сом акчалай жардам берилди. Ал эми премьер-министр тарабынан ар бир жабырлануучуга 10 миң сомдон, райондук администрациядан 4 миң сомдон каражат бөлүндү. Жарылуудан каза болгон адамдардын жакындарына премьер-министр 50 миң сомдон каражат бөлдү", - дейт Данир Иманалиев.

Жарылуудан жабыркап Чолпон-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткандардын бири Бишкек шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн. Райондун башчысы калган жабыркагандар да жакынкы аралыкта борбордогу ооруканаларга жөнөтүлөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmira12345
2017-06-23 18:36:05
эмне учун Озгондогулорго бериле элек
-1
al-abu-kinesz
2017-06-23 22:41:00
Анткени туштуктогу жерлер "арендага алынган" да. Ошон учун чондорго эч кызыгы жок эмне болуп атканы. Копчулугу туштуктогу болуп аткан озбек, тажиктердин кысмакка алгандарын, табигый кырсыктарды, чпларды жанылык катары эле угуп коюшат. Бул ачуу чындык!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан