Бүгүн, 23-июнда Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов салтанатта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
"Ар бириңиздер чың ден соолукта болуп, алдыга койгон максаттарыңыздар, аруу тилектериңиздер ырааттуулук менен ишке ашуусуна тилектешмин. Аткарган ишиңиздер элибиздин бакубат турмушуна арнала берсин”, - деп каалоо-тилектерин жолдогон соң, Кайыпов облустун социалдык-экономикалык өсүшүнө жигердүү салымын кошкон кызматкерлерге облустун Ардак грамотасын, баалуу белектерди жана кол сааттарды тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ысык-Көл, Нарын аймактык башкармалыгынын жетекчиси Нуркул Алдаяров куттуктоо кезегин алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек алдынкыларына "Мамлекеттик кызматтын отличниги", "Муниципалдык кызматтын отличниги" төш белгисин жана Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасын тапшырды.
Маалымат үчүн: учурда облуста 712 муниципалдык кызматкер жана 1063 мамлекеттик кызматкерлер иш алып барат.