Ош шаарында айт майрамы күнү коомдук унаалар элди акысыз ташыйт

Эртең, 25-июнда Ош шаарында айт майрамына карата коомдук унаалар элди акысыз ташыйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Талант Канатбек уулу билдирди.

"Айт майрамы күнү коомдук унаалар эртең мененки саат 6:00дөн баштап кечки саат 21:00гө чейин элди акысыз ташып иштейт. Буга 35 чоң автобус, 15 троллейбус тартылган. Бул аракеттер калаа башчысынын атайын буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө", - дешти мэриядан.

Айта кетсек, Ош шаарында автобустарда жол кире акысы 8 сом, троллейбустарда 6 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
grace
2017-06-24 17:02:09
Азаматтар!
+7
Sema87
2017-06-24 17:33:41
Мынча арзан? Москвада болсо 55 рубль
сомго 65 сом
0
fanatkg
2017-06-24 17:39:13
Чынында Ошто жол акы арзан
+3
Firdaus-Muslim
2017-06-24 17:39:26
Орозоңуздар кабыл болсун? Аллах ыраазы болсун.
+2
KGstan1981
2017-06-24 18:12:35
Мына эми мэр жакшы сооп иш этиптир!Бирок баары бир Мырзакматовко жетпейт!
+7
Seryi-Kardinal
2017-06-24 19:26:13
Шайлоого карата дешевый пиар. Оштун көчөлөрү Бишкектегидей узун эмес кыска эле, ошого арзаныраак
+2
nemo2016
2017-06-24 20:15:14
сдпк угут иштерин эрте баштаганго озу кыргызстанда шайлоодо пайдаланып албасан кийин бирида акыбалынды сурабайт
0
Amb7122
2017-06-24 20:22:24
Бул эч кандай пиар,шайлоого тиешеси жок..Бул автобус,маршрут айдагандардын идеясы муну билген Ош окмоту да колдоп жиберди..Баарыбызга ыйман берсин.КЫргызстан тынч болсун
+2
nargis
2017-06-24 21:41:43
Amb7122,туура айтасын, мен бугун шаардын четине деле бекер ташыган унааларга кубо болдум, эч кандай эч кимди айтпай эле "арапаныз менен тушо бериниздер " деп эч кимден акча алган жок. Алаа раазы болсун кылган иштерине деп 30 сом акчамды капчыгыма салып келе бердим.
0
Fidel
2017-06-24 22:21:35
Все таки туштук Эли ыймандуу жана патриот болушат молодцы, кана биздин мэр дагы ушундай кылса.
+3
Hurem
2017-06-25 14:17:46
Бишкекте деле автобуска жол кире 8 сом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан