Атасын бийликтегилерден куткарган акындын эстелигинин ачылыш аземине Чыныбай Турсунбеков катышты

Бүгүн, 24-июнда Бишкекте Тоголок Молдо атындагы сейил багында акын Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына карата анын эстелигинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Буйлаш уулунун кыргыз маданиятына кошкон салымын эл эч качан унутпай турганын айтты.

"Акындын руханий мурасы муундан муунга өтүп келет, анткени анын чыгармалары терең мааниге жана мазмунга ээ. Аларды окусаң Арстанбек Буйлаш уулу кыргыз элинин жашоосун болгонун болгондой чагылдырган терең ойчул экени көрүнөт. Татаал турмуш жана жашоодогу кыйынчылыктар аны сындырган жок. Адамды байлык менен бийлик эмес, эмгек көтөрө турганын анын тагдыры далилдейт. Тоскоолдуктарга карабай ал өзүнүн талантын өнүктүрүп, атасын Кокон хандыгынын башчыларынан куткарган. Өзүнүн ырлары жана поэмалары менен Буйлаш уулу кыргыздар жана казактар арасында белгилүү болгон", - деди төрага.

Чыныбай Турсунбеков Арстанбек Буйлаш уулунун мурасын сактоо керектигин белгилеп, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 200 миң сом бөлүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
CEO
2017-06-24 19:56:15
Биринчиден Кокон хандыгын бийлик деп эмес, баскынчылар деп жазуу адилеттуу болмок. Анткени Кокон хандыгы кыргыздарды куч менен каратып алган.

Экинчиден акын десе Алыкул Осмонов сыяктуу ырларын кагазга токкон акынжар тушот эске, ал эми Арстанбек Буйлаш уулу улуу ойчул, токмо акын болгон.

Теманын аталышы эч жакпады. "Арстанбек Буйлаш уулунун эстелиги ачылды" деп эле тема коюп жазсанар эл окубай коет бекен?!
+5
Aidar.001
2017-06-24 20:31:38
Очко топтомой!
+3
RusMos76
2017-06-24 20:40:49
Фонддо дагы акча коппу?
+2
kenjebek_a
2017-06-24 21:05:42
Чыныбайдан башкасы табылбадыбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан