Бүгүн, 25-июнда өлкөдө Орозо айт майрамында айт намазы окулду. Борбор калаада намазга чогулуу саат 6:00дө болсо, намазга жыгылуу 7:30да башталды. Бул аралыкта намазга келген өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков алгач президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берип, андан кийин өзүнүн атынан сүйлөдү. Андан кийин шаар башчысы Албек Ибраимов сөз сүйлөп, муфтий Максатбек Токтомушев баян айтты.
Намазга жыгылуу убактысы келгенде көпчүлүк эл аянтка батпай калып, тосмодон сыртта окууга аргасыз болушса, алардын катарына кечигип келгендер тизилип калууга жетишишти. Айрымдары орундук жок, арыктардын четтерине бир катар тизилип окушту.
Аянттын тегерегине кайыр сураган адамдар да келишкен. Көпчүлүк алардын колун куру калтырган жок.
Намаз учурунда тартипти 2 миңдей милиция кызматкери көзөмөлгө алып, дыкат текшерип жатты.