Ош шаарында окуучулар үйлөнүү үлпөтүнө берилген Мерседес-Бенц-Гелендваген үлгүсүндөгү унааны ижарага алышып, жол кырсыгына кабылды. Окуя кечээ, 24-июнда болгондугун окурман SUPER.KG порталына маалымдады.
"Унаанын ичинде жалаң окуучулар болгон. Унааны башкарып бара жаткан айдоочу да окуучу. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок. Унаанын кожоюну, балдардын ата-энелери кырсык болгон жерге чакыртылды. Айрым маалыматтар боюнча окуучулар кечке чейин шаар кыдырып, кечинде ресторанга барышмак", - деп айтылат окурмандын билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.