Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-июнда Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде Орозо айтка байланыштуу майрамдык айт намазга катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди.