ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Москвада айт намаз аяктаары менен катуу жаан жаады"

"Бүгүн, 25-июнда Орусиянын борбору Москва шаарында да Орозо айт намазы окулду. Намаз окуу үчүн "Тынчтык проспекти" метросундагы борбордук мечитке жакын аянтка абдан көп эл топтолду", - деп билдирди SUPER.KG'нин Орусиядагы окурманы.

Анын айтымында, борбор калаадагы бир канча көчөлөр убактылуу жабылып, укук коргоо органдары тартипти көзөмөлгө алган.

"Намаз жергиликтүү убакыт боюнча 08:00дө башталып, 10-15 мүнөткө созулду. Намаз аяктаары менен нөшөрлөгөн катуу жаан жаады. Буга байланыштуу келгендер шашылыш тарап, метролордо тыгындар жаралды", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Adi8928
2017-06-25 17:48:13
Айтынар маарек болсун
+4
talant83
2017-06-25 19:11:15
Пр Мирада катуу жааптыр, Третьяковская'да бир аз эле себеледи.
+3
futboler
2017-06-25 20:08:27
Кудайдын кудурети менен намаз башталганда жаан токтоп, бутору менен кайра ношорлоп жаады
+2
MUGN
2017-06-25 21:02:23
Сыймыкбы
-2
Aygul777
2017-06-25 21:28:00
Куноолор жана бардык жамандыктар жамгыр менен агып кеткен болсун! Орозонуздар кабыл болсун!!!
+4
Omurbek998
2017-06-25 23:55:52
Питерде намаз буткончо жамгыр катуу жаап буткондо токтоду
-2
Tugolbogdanov
2017-06-26 01:21:58
Кудайдын кудурети!
+1
admin_superstan
2017-06-26 10:30:56
KG.Kushtarbek, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан