Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Айт намаз учурунда эсинен танды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орозо айт намаз учурунда эсин жоготту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда. Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 25-июнда эртең менен Эрдоган Аташехир аймагындагы мечитке келген учурда өзүн жаман сезип, эсинен танган. Жанындагы жан сакчылары аны жыгылуудан сактап, кармап калышкан.

Мечитке дарыгерлер чакыртылып, көп өтпөй Түркиянын мамлекет башчысы эсине келген.

"Азыр абалым жакшы, эсимден танып жыгылганыма кандагы канттын жана артериялык кан басымдын жогорулашы себеп болду", - деп билдирген Эрдоган эсине келгенден кийин журналисттерге.

"Режеп Тайип Эрдоган учурда 63 жашта. 2006-жылы да премьер-министр болуп турган кезинде ушундай абалды башынан өткөргөн. Ал эми 2012-жылы ашказанына операция жасаткан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Fidel
2017-06-25 21:22:44
Байкуш сахарный диабет окшойт.
+8
AykaMer
2017-06-25 22:06:30
Кудай ден соолук берсин баарына...
+6
Parish
2017-06-25 22:08:55
Кудайым жараткан ар пенделери аман болсун.
+5
Jaloshtalnarisbatchui
2017-06-25 23:58:05
Кыргыз элим кен пейил элсинер да...Бул киши ИГИЛ террористерди каржылайт...
-1
Attila88
2017-06-26 00:33:55
ашанын досу.аша артынан бар сенда
0
Su.Zeyd_89
2017-06-26 03:14:04
Аллах шыфаа берсин! Игилди каржылаарын ким билет, бирок Башар Асадка (шиаларга) карама каршы экенин, сунниттерди колдоорун билебиз. Аман болсун. Кантсе да кучтуу мусулман лидер.
+1
Jaloshtalnarisbatchui
2017-06-26 07:23:03
Su.Zeyd_89,Сырткы корунушко алданбагыла...Хиджап деп эле Ислам динибизди жаман косотпогуло...Ислам дининбиз сонун..туура тушундуролу...
-2
bermet104
2017-06-26 10:19:36
Jaloshtalnarisbatchui,хиджаптын кандай тиешеси бар бул жерде
+1
Hadyja
2017-06-26 03:22:45
Турцияны бекем,ыйманда башкарып келет.Турк элинин чыгарган продукцияларынын сапаты жакшы.Жакшы олко башчы.Болбосо аларда бар эки кол,эки бут,бир баш бизде деле бар.Бизде оркундой турган элбиз.Ээрчиткен адамдарыбыз башкача
+4
Su.Zeyd_89
2017-06-26 04:19:47
Hadyja, туура айтасыз. Эрдоган мыкты лидер жана кучтуу мусулман. Аялын да эл алдына хиджаб менен чыгарат. А бизде хиджабка каршы.
+3
Leilektik
2017-06-26 06:16:40
Биздин Ашага каршы чыккан призденттер ооруп каласынар же олуп каласынар приздентибизге очошпогуло,аягы жаман болот олгондон кийин бул маселе чечилет деп койсо бутту
+5
Tyty1990
2017-06-26 09:28:29
Менин оюмча мыкты президент
+1
Turdakun85
2017-06-26 09:39:45
Кыйын президент
+2
barakcha
2017-06-26 22:42:10
Жакшы болуп кетсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан