"Эй, чык эшикке!" - Премьердин орой сөзү күлкүгө айланды. Видеолор топтому

Социалдык тармактардын колдонуучулары, жалпы коомчулук "Албарсты мени басты" деген кепти унута түштү. Ал тургай аны кантип "эшикке чыгарып" жибергендерин өздөрү аңдабай калышты. Айтайын дегенибиз бир аптадан бери өкмөт башчынын "Эй, чык эшикке" деген жеме сөзү "албарстынын" ордун басып, трендге айланды.

Жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштери талкууланып жаткан кеңешмеден премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чиновникти даярдыгы жок келгендиги үчүн кууп салган.

Апта аралыгында өкмөт башчынын бул кадамы тууралуу түрдүү ойлор айтылып, азил-тамаша аралаштыра видеомонтаж, ролик даярдагандар чыкты. SUPER.KG порталы "Эй, чык эшиккенин" көп көрүлгөн версияларын топтоду.

1. АКШнын 44-президенти Барак Обама менен байланышкан "Эй, чык эшикке" ролиги.

2. Түрктөрдүн "Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы Кемалдын өлүмүн айтып келген адам "Эй, чык эшикке" деген жоопту укту.

3. Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин версиясындагы "чык эшикке" видеосу.

4. "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" тасмасындагы "Эй, чык эшикке" эпизоду.

5. Актёр Брюс Лини "Эй, чык эшикке" десе кандай жорук көрсөтмөк?

6. Кыргыздын белгилүү актёрлорунан "Эй, чык эшикке" ролиги.

Эу, Обама, чык эшикке!
"Чык эшикке!" Темир Сариевдин версиясы
"Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" тасмасынан "Чык эшикке"
"Шеф, уктуңарбы? Кемаль каза болуптур((
Брюс Линин "Эй, чык эшикке" дегенге териккени
Кыргыз актерлорунан "Эй, чык эшикке" ролиги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
momun74
2017-06-26 12:58:28
соз жок
+3
maku88
2017-06-26 13:08:43
Хаха го
+3
Adil706070
2017-06-26 13:13:51
чиновникти
+3
nazgul1905
2017-06-26 13:24:30
Бизде чондорго бир аз этика сабагын откоруп жумуш берсе жакшы болмок,аттин... Эй дебей баланча баланчаевич десе болмок уят эле.
+10
gul.1995
2017-06-26 15:07:43
:)))
+3
arap00
2017-06-26 17:33:18
Өзүбүздүн актерлор жарыптыр))) бул тамаша көрүнгөнү менен артында чыныгы көйгөйлөр жатат...
+3
Rasul1987
2017-06-27 00:16:07
Эу, чык эшике!!!
+2
baltabaev
2017-06-27 11:52:03
Вооще ха ха тептим соонун интермедия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан