"Сузакта чагылган тийип 30 сааттан ашык убакытка эс учун жоготкон тургундун абалы турукташууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук клиникалык бейтапкананын директору Жаныбек Карабаев билдирди.
"Чагылган тийген адамдын абалы жакшы. Өз алдынча басып, сүйлөп калды. Аны жалпы палатага котордук. Дагы 10 күндөй убакыт дарыланса үйүнө чыгарабыз. Ал бизге кырсык болгон күндөгү окуяны айтып берди. Бул жигит жаан жаап, чагылган чартылдап жатканда дөңдүн үстүндө телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан экен. Ошол учурда чагылган жерге түшүп, учкундары ага тийиптир. Андан аркысын айта алган жок", - деп билдирди Карабаев.
Эске салсак, буга чейин чагылгандын соккусуна кабылган адам эс учун жоготкон абалда 30 сааттан ашык убакыттан бери жатканы айтылган. Анын баш мээсиндеги тамырлары жарылып, кан уюп калганы аныкталган.