Бүгүн, 26-июнда Бишкекте 31 градус ысык болууда. Өлкө аймагында бүгүнкү күн дем алыш болсо да, аба ырайынын жогорку көрсөткүчүнө байланыштуу сейилдөөгө чыккан шаар тургундарынын санынын аздыгы байкалат. Ал эми айрым ата-энелер шаардын борбордук аянтындагы фонтандардын жанында балдарын ойнотуп, балдар эле эмес чоңдор дагы бири-бирине суу чачышып жатышканын көрүүгө болот.
Күндүн ысыгынан тургундар эле эмес, жаныбарлар да көлөкөлөп жатышкан мезгили. Бир гана гүлдөр аптаптуу ысыкты сезбей, шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулап жатышкандай...