Орусиялык теннисчи Мария Шарапова басып өткөн жолу тууралуу аудиокитеп даярдады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
“Өмүр баяным тууралуу кыскача маалыматты аудиокитепке жаздырып бүттүм. Буга 3 күн 20 сааттан ашуун убакыт кеткени менен, мен үчүн бүт өмүрүм корогондой туюлду” деген ал.
Маалым болгондой, спортчунун англис тилиндеги “Ээ-жаа бербеген” деген аталыштагы китеби ушул жылдын 12-сентябрынан тарта сатыкка чыгат. Китепте теннисчинин Сибирде өткөн балалыгынан тарта азыркы ийгиликтерине чейин баяндалып, баасы болжол менен 28 долларды түзмөкчү.
Эске салсак, Чоң шлем түркүмүнө кирген мелдештерде 5 ирет жеңүүчү аталган Мария Шарапова 2016-жылы эл аралык теннис ассоциациясы тарабынан “мельдоний колдонгон” деп айыпталып, 15 айга спорттон четтетилген.
Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде мөөнөтү бүтөрү менен Штутгартта WTA турниринин 1-айлампасына "уайлд кард" менен катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, атаандашы италиялык Роберта Винчини утуп алган.