Жыл башынан бери өлкөнүн аймагында ата-энеси жакындарынын кароосуна калтырып тышкы жана ички миграцияда жүргөн 14 жашка чейинки 40 миңден ашык бала аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын ага тескөөчүсү Марат Сапаев билдирди.
Анын айтымында, ички жана сырткы миграцияда жүргөн ата-энелердин көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облусунан.
"Жыл башынан бери балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын ичинен 50сү сексуалдык зомбулук экени аныкталды. Өткөн жылдын жарым жылдыгында да балдарга карата 400дөй кылмыш катталып, анын 30у сексуалдык мүнөздө болгон. Бул көрсөткүчтөр ата-энеси сыртта жүргөн балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктун бетин ачуу жогорулаганынан кабар берет. Кароосуз калган бала – бул зомбулуктун объектиси", - деди Сапаев.
Балдарды коргоо уюмдарынын ассоциациясынын юристи Мирлан Медетовдун айтымында, 2015-жылы балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өлкөдө 1100 адамга кылмыш иши козголгон. Ал эми 2016-жылы 1000 кишиге кылмыш иши козголуп, көрсөткүч 10 пайызга төмөндөгөн.
"Зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Себеби балдардын ата-энеси менен балдарды кордогондор өз ара чечимге келишип, зомбулук көрсөткөндөр сот жообуна тартылбай калууда", - деди юрист.