Америкада күн катуу тийген жерде турган унаанын ичиндеги ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялоодо. Маалыматта жазылгандай, Американын Хьюстон шаарында 7 айлык ымыркай аба ырайы +32°C болуп жатканда унаанын ичинде 10 саат жаткан.
Маалыматта жазылгандай, чарчап калган ымыркайдын андан улуу 2 агасы бар. Атасы ал экөөнү шаардын борборуна алып барып, унаадагы кичүү уулун бала багуучуга жеткирүүнү эсинен чыгарган.
Полициянын айтымында, балдардын атасы ымыркайды эсинен чыгарып жумушуна кеткен. Качан гана ага жубайы чалып, балдар жөнүндө сураганда наристе тууралуу эсине түшүп унаага жүгүргөн. Бирок бул убакта ымыркай дем албай калган эле.
Бул балдар унаада калып көз жумган алгачкы окуя эмес. 2008-жылы орусиялык 2 жаштагы Дима Яковлев аттуу баланы америкалык түгөйлөр асырап алышкан. Көп өтпөй ал унаада унутулуп калып, жайдын аптабында жабык турган унаанын ичинде көз жумган. Ушундай эле трагедиялуу окуя 2013-жылы Американын Иллинойс штатында катталган. Анда 2 жаштагы баласын мас абалдагы атасы унаага унутуп, үйүнө кирип уктап калган. Полиция кызматкерлери наристенин жансыз денесин тапкан учурда сырттагы аба ырайы +32°C болсо, бек турган унаанын ичиндеги температура +43°C болгон.