SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Москвадагы Айт намазга чогулган мусулмандар" деген видео жүктөлдү (ник: GoPro).
Баарыбызга белгилүү болгондой, 25-июнда Рамазан айы аяктап дүйнө жүзүндөгү мусулман эли Айт намазын окуду. Мындай жөрөлгө Кыргыз өлкөсүнөн эң көп калк жумуш издеп миграция менен барган Москва шаарында да орун алды.
Сөз болуп жаткан видеодо метрого өтүүчү жер алдындагы өтмөк элге толуп, эскалатор жыш болуп батпай калганын көрүүгө болот. Арасында кыргыздын ак калпакчан адамдары да жүрөт. Кадам сайын турган аскерлер жана милиция кызматкерлери өтмөктүн эки тарабын курчап турат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.