КҮНСЕРЕП: Өмүркулов "азырынча КСДПнын жолунан чыга элекмин" деди

Бүгүн, 26-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өткөн жума күнү “Сирияга Кыргыз жеринен аскер жөнөтүлүшү мүмкүн” деген маалыматтын тарашына Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Шамановдун билдирүүсү негиз болгон эле. Бул сөз адегенде интернетте колдонуучулар тарабынан сын пикирлерди жаадырып, бирок бийлик өкүлдөрүнүн жана бийлик башына келем дегендердин реакциясы бир топко күттүрдү. Тагыраагы, президенттикке катышам деген талапкерлерден бир жактуу комментарий алуу, оюн ачык түшүндүрүп берүүсү кыйын болду. Кээ бири “маалымат азырынча имиштин деңгээлинде, расмий кайрылуу болсун, анан карап көрөлү” дешсе, айрымы “бул маалыматка байланыштуу комментарий берүү үгүт катары бааланып калат” деди. Дагы бири таптакыр эле комментарий берүүдөн баш тартуу менен кутулду. Сунуштун Кремль тараптан болгону президенттик шайлоонун алдында талапкерлерди бир топ ойго салган сыяктуу. “Эгерде ушундай сунуш айтылса, мен каршы болмокмун” дейин десе, расмий Москва муну өзүнө карата айтылган сигнал катары кабыл алмак. “Эгерде ушундай сунуш айтылса, мен колдомокмун” дейин десе, анда эле шайлоо алдында добушсуз калды дегенге барабар болмок.
Президент Алмазбек Атамбаев бул маалымат сөз болуп жаткан учурда Орусияда мамлекеттик сапар менен жүргөн эле. Коопсуздук кеңешинин катчысы менен тышкы иштер министри бул маселенин ЖККУнун алкагында Орусиянын демилгеси боюнча көтөрүлүп талкуу болгонун, бирок сүйлөшүү андан ары улантылбаганын билдиришкен. Буга чейин Күнсерепте “эгерде бийлик мындайга жол берсе, өзүнө-өзү көр казганга тең болмок” деп жазылган. 24-июнь күнү мамлекет башчы да үн катып, Сирияга Кыргыз аскерлери жөнөтүлүшү мүмкүн деген маалыматка таң калганын билдирди. Орусиянын президенти Владимир Путин менен бул боюнча сүйлөшпөгөнүн айтып, эгерде бул маселе бир күнү көтөрүлсө да ага ЖККУнун чечими, БУУнун резолюциясы керектигин кошумчалады. “Муну парламент чечиши керек болот” деген Атамбаев маселенин өзү оңой эместигин моюнга алды. Кандай болгон күндө да бул маселе күзүндө шайланып келчү президенттин баш оорута турган биринчи маселелеринин бири болот көрүнөт...

Жогорку Кеӊештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталынын түз эфиринде болду. 11-июнда Бишкекте "Таза коом" долбоору талкууланган форумга Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ээрчишип барып, ээрчишип кайтканы талкууга алынган. Атүгүл Өмүркуловду КСДПга кош айтып, алдыдагы шайлоодо Бабановду колдоп чыгат деген версиялар жарык көрүүгө жетишти.

Түз эфирде КСДПнын лидери партияны түптөөчүлөрдүн бири экенин, КСДП чапкан жолдон чыгууну ойлоно электигин айтты. Буга чейин бийликтин айрым оппоненттери "президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаевди көбү таштай качат, жанында ысык-суукту бирге көргөн Өмүркуловго окшогон саналуулары гана калат" дешкен. Өмүркулов ажого "ишенимдүү тирек" боло аларын бүгүнкү жооптору менен дагы бир жолу тастыктагансыды. Ал КСДПнын ичиндеги өзгөрүүлөргө, орун алмашууларга кенен токтолууну туура көрбөдү. КСДПдан президенттикке Сооронбай Жээнбековду талапкер кылууга партия мүчөлөрүнүн ою, буга чейин КСДПны башкарып келген Чыныбай Турсунбековдун партия төрагасынын 1-орун басарлыгынан кетиши өӊдүү жагдайларга үстүртөн гана жооп узатты. Депутат көп нерсе айткысы келери, бирок азыркы статусу жол бербей жатканы туюлду. Бул Кыргыз саясатчылары үчүн кадимки көрүнүш. Бийликте туруп бийликке каршы чыкса, балким, ага каршы Башкы прокуратура менен УКМКдагы эски же токтотулган иштер жанданып кетиши мүмкүн. Акаев менен Бакиевдин тушунда камыр-жумур иштешип, алар бийликтен куулгандан кийин "мен президентке туура эмес кылып жатканын дайым айтчумун" деп өздөрүн баатыр санагандар болгон. Демек, Өмүркуловдун чындыгы дагы убагы келгенде айтылат. Бирок кыргызда "өз учурунда айтылбаса, сөздүн атасы өлөт" дейт. Өмүркулов кийин айтам дегенин азыркы тапта айтса коомго пайдасы көбүрөөк болмок. Фракция лидери катары Өмүркуловдон журналистти сөгүп, коркуткан депутат Жылдыз Мусабекованын жоопкерчилигин көп сурашты. Белгилүү болгондой, "ооруп жатат" деген шылтоо менен Мусабекова 5 жолу фракциянын жыйынына катышкан жок. Башында "сөгүнчөөк" депутаттын жоругу уят кылганын айткан КСДП фракциясы күн өткөн сайын Мусабекованын жүрүм-турумун талкуулоону атайы артка сүрүп жаткандай таасир калтырат. Бирок фракция лидери Өмүркулов сөз берди, Мусабекованын окуясын фракция эртеби-кечпи сөзсүз карайт. Демек, бул убаданын ишке ашырылышы мындан ары да коомчулуктун такай көзөмөлүндө болот...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан