Улуу Британиянын ханзаадасы титулунан баш тартууну каалагандыгын ачыктады
Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри Уэльск көпчүлүк тургундар катары жашоону максат кылып, ханзаадалык титулдан баш тартууну каалаган. Бул тууралуу ал Mail on Sunday гезитине берген интервьюсунда билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазууда.
Интервьюда Гарри падышалык титулду алууну чоң жоопкерчилик катары санап, бала кезинде андай куракка жетүүдөн чочулагандыгын билдирген.
"Аскерде кызмат өтөгөн күндөрү мен өзүмдү эң жакшы сезчүмүн, ал жакта мага катардагы жоокер катары мамиле жасашчу. Аскерде мен ханзаада эмес, Гарри болчумун", - дейт ал.
Анын айтымында, ханзаадалык титулду алуу чечимин чоң энеси Елизавета II үчүн кабыл алган. Ошондой эле падышалык үй-бүлөнүн бир да мүчөсү монарх болууну каалабай турганын кошумчалаган.
"Биз муну өзүбүз үчүн эмес, элдин жакшы турмушу үчүн жасайбыз. Падышалык үй-бүлөдөн ханзаада болууну каалагандар бар деп ойлобойм. Бирок биз ар дайым өз милдеттерибизди аткарып келебиз", - деген ал.
Гарри Уэльск падышалык үй-бүлөнүн келечеги тууралуу ойлонгондугун кошумчалаган.
"Биз монархияны сактап калууну каалайбыз, бирок чоң энемдин учурунда баары башкача болчу. Азыр социалдык тармактар өнүккөнү бир топ өзгөрүүлөргө муктаж болуп жатабыз. Учурда монархияны модернизациялоо аракеттери көрүлүүдө", - дегенин жазышат чет элдик басылмалар.
Биздикилер болсо бийиликке жетиш учун Текеден баштап калгандарын камап, каралап, жолун тосуп жатышат. Башкаруу канчалык жоопкерчиликтуу экенин сезишпейт. Болгону бийлик колдо турганда жеп калмай, коруно ала кетчудой.
+13
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.