Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов 1961-жылы жайында Москвага дарыланууга келип, 27-июнь күнү операция убагында 63 жаш курагында көз жумган.
Ал 1897-жылы 28-сентябрда Семей уездиндеги, Чынгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш-Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көк серек”, “Енлик-Кебек” жана башка чыгармалардын автору.
Казакстандын маалымат булактары залкар жазуучу 3 жолу үйлөнгөнүн жазышат. Биринчи жубайы Райхан Какен кызынан Мугамила аттуу кыздуу жана Шокан деген уулдуу болгон. Экинчи жубайы Камила Магауи кызы экөө 2 наристелүү болуп, бирок ымыркайлар төрөлөр замат чарчап калышкан. Ал эми үчүнчү жубайы Валентина Кузьмина Елдос, Эрнар жана Лейла аттуу балдарды жарык дүйнөгө алып келген.
27-июндун жылнаамасы.