АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирия, Ливия, Йемен, Иран, Судан жана Сомали өлкөлөрүнүн жарандарына 90 күндүк виза берүүгө тыюу салуу жобосун Жогорку соту күчүндө калтырды. Бул тууралуу The Associated Press басылмасы жазып чыкты.
Эскерте кетсек, аталган жарлык буга чейин төмөнкү инстанцияларда колдоо тапкан эмес. Ошону менен бирге жогоруда аталган өлкөлөрдүн АКШдагы бир уюм же жаран менен мамилеси бар экенин далилдей алган жарандары үчүн виза бериле бермекчи.
Трамп өткөн жумада жарлыгы америкалык соттор менен бардык маселелер чечилген соң 72 сааттан кийин күчүнө кирерин билдирген. Ал эми Трамптын буйругу толугу менен сотто 2-октябрдан тарта каралып башташы мүмкүн. 3 сот президенттин бардык жоболорун колдой турганын билдиришкен. Буйрук учурда визасы же жашоого уруксаты бар жарандарга таасирин тийгизбейт.
90 күн бул өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү процедураларын санкциялоо үчүн керектигин билдиришкен президенттин администрациясынан.
Ошондой эле АКШ качкындарды кабыл алууну 120 күнгө токтотту. Буйрукта буга чейин качкын макамын алууга арыз бергендерге бул чектөө колдонулбайт экени белгиленген.