АКШнын президенти Дональд Трамп эң таасирдүү интернет колдонуучулардын катарына кирди

Америкалык жума сайын чыгуучу “The Time” журналы интернеттеги эң таасирдүү 25 адамды аныктады. Алардын арасында АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп да бар. Журналдын маалыматында, Трамп социалдык тармактарга элдин ачуусуна тийип, көп талкууга алынган билдирүүлөрдү жазганы менен, анын баракчасында катталган окурмандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Тизмеге Сириянын Алеппо шаарынын кичинекей тургуну Бана Алабед да кирген. Ал социалдык тармакка Сириядагы абал боюнча англис тилинде жазып турат. Бирок баракчага чыккан билдирүүлөрдү өзү эмес, апасы Фатима жазып берери айтылган. 2016-жылдын аягында Бана менен ата-энеси качкындар иретинде Түркияга көчүп келишкен.

Ошондой эле таасирдүү интернет колдонуучулардын катарын Голливуд жылдыздары Кэти Перри, Рианна, Ким Кардашьян жана жазуучу Жоан Роулинг толуктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан