Кызыл аттестатка талапкер болгон 1012 окуучунун 171инин гана билими талапка жооп берди. Андыктан быйыл эч кандай жеңилдик берилбейт

Мектепти кызыл аттестат менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө бул жылы эч кандай жеңилдиктер берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарымдуусу Марат Усупбеков SUPER.KG порталына маалымдады.

Анын айтымында, билим берүү системиндеги коррупциялык схемаларды жоюу, жокко чыгаруу максатында кызыл аттестат ээлерине жалпы республикалык тесттин жыйынтыгына кошумча 20 балл берүү жеңилдиги алынып салынган.

"2014-2015-2016-жылдары кызыл аттестат ээлерине жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жыйынтыгына 20 баллдан кошулчу. Өкмөттүн ушул жылдын 8-июнь күнкү токтомунун негизинде кошумча балл берүү жеңилдиги алынып салынды. Бул жылы 1012 окуучу кызыл аттестатка талапкерлигин жөнөткөн. Кызыл аттестат алуу үчүн атайын тест тапшыргандан кийин алардын 171и гана билиминин кызыл аттестатка татыктуу экенин тастыкташты. Бул жалпы талапкер болгон окуучулардын 15 пайызын гана түзөт", - деди Усупбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Arlenchik
2017-06-27 17:14:10
Эми ошо жаныдан мектеп босогосунан учуп аткан окуучуларды жакшы окуп кызыл аттестат алганын баса белгилеп, дагы да жакшылап окууларына стимул берип,бираз женилдик кылып сыйлап коюуу кыйынбы силерге?
-4
gulzar_gulu
2017-06-27 17:18:48
Бекер кеткен убакыт. Айтып атышкан болчу, ушундан көрү ОРТга даярдансам болмок экен деп.
+4
cico
2017-06-27 18:15:23
171 окуучунун акысын жегендик болуп калатко . Ошол 171 окуучу сотко кайрылса жеңип жыгат адилеттүү сот болсо
-3
aibars
2017-06-27 18:30:13
cico, 841 окуучу сотко кайрылуусу керек. 171 окуучу тастыктап беришкен билимин. 11 жыл окуп анан кызыл аттестатка жеткенден кийин басмырлоо туура эмес иш.
+2
Ananasky
2017-06-27 20:44:13
aibars,Соттордон эч кандай пайда чыкбайт азыр баардыгы устудон келгенде буйрук менен иштешет , билимдери жоктор .
0
Aitunuk
2017-06-27 21:07:25
aibars, жетиштүү деңгээлде билим бербей туруп, бүтүрүүчүнү "кызыл аттестатка татыктуусуң" деп жиберген мектеп коллективин, негизги предметниктерди сотко бер десеңиз туура болот, минстрликти эмес.
+2
Ananasky
2017-06-27 20:42:22
Эми канат кагып баштаган бутуруучулорго да тоскоолдуктар башталдыбы, бул да болсо акча жештин чарасы болсо керек . Бийликтегилердин мурдун тыкбаган бери калбадыго жыттанган жерден акча ондурушот .
0
Aitunuk
2017-06-27 20:57:37
Ananasky, бул жерде бийликтегилердин эч кандай тиешеси жок. Тест бардык бүтүрүүчүлөргө (кызыл аттестат алам дегендер үчүн) бирдей түзүлөт, мектеп программасынын негизинде. Бул бүгүнкү мезгилде мектепте билим берүүнүн сапаты начар, терең билимдүү адистердин жетишсиз экендигинен кабар берет. Бүтүрүүчүнүн эмес, мектептин күнөөсү. Ошол мектептердин мугалимдерин аттестациядан өткөрүү зарыл.
0
Beck_13
2017-06-27 21:00:19
Туура эле болгон. Окуучулар оздору куноолу. Сабакты жакшы окушпайт анан калп эле ыйлап коюшат (кыздар айрыкча). Биз мектепти бутуп жатканда 6 кыз кызыл менен бутушкон. 1 кыз гана мектепте жогорку балл менен буткон, калган кыздар 133, 140, 99,110 балл менен бутушкон. Ошондо каяктагы мээнет. Билип турса компьютер дагы балл коюп берет.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан