Жарандык активист Калича Умуралиева Бишкек шаарынын бак-дарактарынын 70 пайызы сугарылбай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, шаардагы дарактардын 30 пайызы гана сугарылат.
“Ак Үйдүн, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан гана дарактары сугарылат. Ошондуктан бактардын жалбырактары саргайып жатат”, - деди ал.
Жашылдандыруу ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева саргайган бак-дарактардын жалбырагын зыянкечтер жеп жатканын айтты. Ал саргайган дарактарды ийне саюу ыкмасы менен дарылоо пландалып жатканын билдирди.
Комитетте Бишкек шаарындагы дарактардын массалык түрдө кыйылышы жөнүндө маселе каралды.