СУПЕРСТАН: "Студент кезде айла жок, "Доширакты" бышырбай, кургак эле жеп алгам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Студенттик жашоо" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эмнегедир мени менен чогуу жашаган кыздар тамак жасаганды жактырчу эмес, жалкоолонушчу. Ошолорго атаандашып ачка калчумун. Кийинчерээк өзүм билип эле күндө тамакты жасай бере турган болгом. Апам "эмне тамак жедиң бүгүн, ачка жүрбөгүн" деп күндө чалып турчу.

"Хе-хе, сүйлөшкөн кызым кафеде иштегендиктен ачка калган жокмун. Мени тойгузуп турат эле".

"Бир күнү окуудан курсагым ачып, жолдон "Доширак" алып үйгө келсем наным да жок, бышырайын десем свет да жок экен. Айла жок "Доширакты" бышырбай эле, кургак жеп алгам".

"Ачка калган күндөр боло элек. Болгону башка "атмосфера", ата-энең жаныңда эмес..."

"Биринчи курс эч эсимден кетпейт. Эрте жаз эле жумуш жок, акча да жок. Жатаканада 4 бала чогуу турчубуз. Ачкабыз. Эптеп бир нерсе табыш керек болуп калды, кычап айылдан да "посылка" келбей туруп алды. Анан ойлонуп окуу жайдын жатаканасынан "Дыйкан" базарына жөө жөнөдүк. Базарга барсак унаалардын алдында картошка, пияз, сабиз, иши кылып жер-жемиштер бирден, экиден түшүп калгандарын терип алмай болдук. Уялып тере албайбыз, сен бар, мен бар болуп, анан мелдешип жатып досум бармай болду. Ээси терип жатканын көрүп калып баарыбызды чакырды. "Студентсиңерби?" деп сурады, баарыбыз бир ооздон "ооба" дедик. Рюкзактарыбызга картошкадан салып берди. Сүйүнгөнүбүздөн эмне деп ыраазычылык айтарыбызды билбейбиз. Ошентип үзүмчүлүктөн аман-эсен чыгып кеттик".

"Студент кезде ачка калдык, азык-түлүк да, акча да түгөнүп калган эле. Акырын "мачобек" болуп кийинип алып көчөгө чыксам бир ресторанда той болуп жатыптыр. Кирип шек алдырбай бир столго отурдум. Мына сага, суюк тамак, анан манты келди, салаттарды болсо келгенде эле уруп койгом. Оюн башталды, чыгып эле дароо көйнөк, калпакка иштедим. Ошентип 3-антракт башталганда баштыкты толтуруп үйгө баса бердим".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ABDulHai
2017-06-27 16:24:24
Пакеттегисин крешки кылып жесе болот сонун болуп калат.
0
kalima88
2017-06-27 16:28:39
Тиги "Мачобектин" жоругу жакты. )))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан